Ленин районундагы  Кулиев көчөсү, №2 дарегинде жайгашкан “Империя Пиццы” тамактануу жайынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бүгүн, 28-сентябрда саат 13:03 тө тамактануу жайынан чыккан өрттү өчүрүүгө жалпысынан ӨКБдан 4 бөлүм тартылып, Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары, ИИМдин кызматкерлери, РЭТтен 1 бригада катышты.

Учурда өрт чектелип, толук өчүрүү боюнча иштер жүрүп жатат. Ал эми өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.