"Бишкекреклама" муниципалдык ишканасы 2ГИС компаниясы менен биргеликте борбордун бардык таштанды челектерин борбор калаанын картографиялык порталына жайгаштырды.

Бул иш эки жумага жетпеген убакытта жасалды. Эми сиздер жөн гана издөө кутусуна: таштанды челектери деп киргизсеңиздер, шаардагы бардык контейнердик таштанды челектердин жайгашкан жерин көрө аласыздар.

Бул иш Бишкек шаарынын тургундарынын жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн жасалды.

Эми, керек болгон учурда, адамдар кафелерди же башка объекттерди гана эмес, жакынкы таштанды челектердин жайгашкан жерин  биле алышат.