Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомун ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди мыкты өздөштүрүшү керек.

Борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын  кызматкерлери кыргыз тилин билүү деңгээлин жогорулатуу үчүн ар дайым окуу курстарынан  өтүп,  "Кыргызтест" тутуму боюнча мезгил-мезгили менен тест тапшырып, билим деңгээлин текшерип турушат.

Акыркы тестирлөөнүн жыйынтыгында, А2, В2, С1 деңгээлиндеги тесттен өтүп (ортодон жогору) жана жогорку упай топтогон борбордук аппараттын кызматкерлери тиешелүү сертификаттарын алышты.