29-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин, ЕРӨБнын вице-президенти Ален Пиллдин, Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Оливье Бангертердин катышуусунда канализациялык коллектордун курулушу менен таанышуу пресс-туру өткөрүлдү.

Курулуш иштери Швейцариялык Конфедерация Өкмөтү жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен  “Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” (фаза II) долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Узундугу 11 км болгон жаңы канализация борбордун түштүк жана батыш бөлүгүндө калк үчүн ыңгайлуу жашоо шарттарын түзөт.

Акыркы жылдары шаардын түштүк бөлүгүндөгү чек арасы бир кыйла өскөндүгүнө байланыштуу шаардык инженердик инфраструктурасынын кошумча келип чыккан көйгөйлөрүн чечүү пландаштырылууда. Ошондуктан борбордук канализациялык системага дагы көптөгөн сандагы кошулуулар үчүн шарттар түзүлөт.

2333м аралыктагы коллектордун биринчи тилкеси Пригородное айылындагы Тазалоо курулмаларынан Юбилейный көчөсү боюнча түштүк-батыш колллекторуна чейин өтөт. Подрядчы “China Road and Bridge Corporation – Технотоп ЖЧКсы” консорциуму, контрактынын баасы 2 595 796,77 евро.

1657м аралыктагы коллектордун экинчи тилкеси түштүк-батыш колллекторунан Фучик көчөсү менен Ленская көчөсүнүн кесилишине чейин өтөт. Подрядчы “Shaanxi Tiandi Geology Co., Ltd – Кайнар ЖАК” консорциуму, контрактынын баасы 678 514,00 евро.

Маалымат: Пригородное айылында жайгашкан саркынды сууларды тазалоочу жай Бишкекти тейлейт. Саркынды суулар тазалоочу курулмаларга ташылат, алар кубаттуулугу суткасына 380 миң куб метрди толук биологиялык тазалоону камсыз кылат.