Бишкек шаарынын  мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы 29 жана 30-октябрда Ахунбаев көчөсү Алыкулов көчөсүнөн Кыр-Кыз көчөсүнө чейин 1,5 чакырым жол жабыла тургандыгын билдирет.

Көчөнүн бул бөлүгү Ахунбаев жана Ашар көчөлөрүнүн кесилишин оңдоо үчүн жабылат. Асфальт -бетондун экинчи катмары төшөлөт.

Альтернативдүү көчөлөр Гагарин, Өмүр жана Лушихин көчөлөрү болот.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын көчөлөрүн реконструкциялоо КЭРдин гранттык каражаттарынын эсебинен "Бишкек шаарынын көчө -жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Оңдоо иштерин "China road and bridge corporation" компаниясы жүргүзөт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана шаардыктардан маршрутту алдын ала пландап алууну суранат.