Бишкекте жыл сайын 29-сентябрда майрамдалуучу бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө арналган "Кан басымыңызды билип алыңыз!" акциясы өтүүдө.

Аталган акция Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы тарабынан өткөрүлүүдө.

Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, Шаардык студенттердин бейтапканасында  жана спорттук-реабилитациялык борборунда жүрөк -кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучу бар адамдарды медициналык кароодон өткөрүү, калк арасында жүрөк жана кан тамыр ооруларынын алдын алуу боюнча маалыматтык жана билим берүүчү сүйлөшүүлөр, кан басымы жогорулаган жаңы диагнозу бар бейтаптарды текшерүү жана каттоо жүргүзүлөт.

Бишкектин ден соолукту чыңдоо борборунун адистери  администрациялардын, мамлекеттик уюмдардын кызматкерлеринин жана ал жерге келген коноктордун кан басымын өлчөө менен бирге маалыматтык окуу материалдарын - эскертмелерди, плакаттарды, буклеттерди ж.б. таратышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы №1212 "Маалыматтык иш -чараларды жүргүзүү жана кан басымы жогорулаган жаңы диагнозу бар бейтаптар үчүн ҮМБ / ЖДПБда отчеттуулукту жөнөкөйлөтүү жөнүндө" буйругун аткаруунун алкагында өткөрүлүүдө.

Маалымдама: Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү 1999-жылы Бүткүл дүйнөлүк жүрөк Федерациясынын жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун демилгеси боюнча уюштурулган.

Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча жүрөк оорулардан 17 миллиондон ашык адам көз жумат. Биздин республикада жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмдүн көрсөткүчү жогору бойдон калууда, өлүмгө учуроонун себептеринин түзүмүндө алар 50% дан ашык учурду ээлейт.

ДССУнун маалыматы боюнча, жашоо образын өзгөртүү аркылуу өлүмдү олуттуу түрдө азайтууга болот. Калкка кан басымынын көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөө, холестериндин жана глюкозанын деңгээлин билүү, туура тамактануу принциптерин сактоо, тузу аз диетаны кармоо, тамекини таштоо, тамеки түтүнү бар бөлмөдөн алыс болуу, иштөө жана эс алуу режимин нормалдаштыруу, физикалык активдүүлүктү көбөйтүү, ашыкча салмактан арылуу, стресстик жагдайларга каршы турууну үйрөнүү жана врачтын сунуштарын так аткаруу сунушталат.