2021-2022-жылытуу мезгилине карата калк үчүн 123 миң тонна көмүр сатып алуу пландалууда.

Калк тарабынан көмүр сатып алуу график боюнча 2021 -жылдын июлунан башталган. 2021 -жылдын 1 -октябрына карата калк 55,9 миң тонна көмүр даярдады, бул жылдык пландын 45% ын түзөт.

Урматтуу шаардыктар! Эскерте кетсек, Бишкекте 6 көмүр базасы жана 7 стационардык пункт иштеп жатат. Жакында шаардын конуштарында  35ке жакын стационардык пункттар ачылат.

Ленин районунда төрт отун базасы бар:
- "Ак-Жол" ЖЧКсы  (Мурман к. №1а), Шабыркүл көмүрү сатылууда, 1 тоннасынын баасы 4500 сом;
-"Торг-Синтез" "Кара-Жыра" ЖЧК (Мурман көч. №59а), "Кара-Жыра" көмүрү сатылууда, тоннасы 4500 сом;
- «Береке» ЖЧКсы (Мурман  көчөсү №259), "Кара-Кече" көмүрү сатылууда,  тоннасынын баасы - 4400 сом;
-“Беш-Сары” ЖЧКсы (Мурман көчөсү №186), шаардыктар Кара-Кече көмүрүн камдоого мүмкүнчүлүгү бар, тоннасынын баасы 4400 сом.

Октябрь районунда:
-"Торг-Синтез" ЖЧКсы ("Төкөлдөш" конушу, "Аламүдүн" станциясында) "Кара-Жыра" көмүрүн сатат, 1 тоннасы 4500 сом болот.

Свердлов районунда:
- «Восход и К» ЖЧКсында (Достоевский көч. №1) Шабыркул көмүрүнүн тоннасын 4500 баада сатып алсаңыз болот.

Көмүр саткан стационардык пункттарда катуу отундар мүшөктөрдө сатылат. Шаардыктар бир мүшөк Кара-Кече көмүрүн 200 сомдон 280 сомго чейин сатып алса болот.

Ленин районунда пункттар жайгашкан:
-Пушкин көч. №182;
-Гагарин көч. №67;
-Баррикадный көчөсү №2.

Свердлов районунда:
-"Учкун" конушу;
-Саадаев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилиши;
-"Келечек" жаңы конушу;
-"Ак-Бата"жаңы конушу.