Октябрь районунун башчысы Мирлан Эшкожоев "Кара-Жыгач" жаңы конушунун  Исакеев жана Кара-Жыгач көчөлөрүнүн кесилишиндеги  жаңы бала бакчанын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Учурда бала бакчанын курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Казуу иштери, фундамент, жер төлөлөрдү орнотуу, тирөөчү дубалдар менен жер төлөлөрдүн шыптары, кире бериштер жана биринчи кабаттын  плиталары бүткөрүлдү. Ошондой эле экинчи кабаттын мамылары орнотулду. Экинчи кабаттын монолиттүү капталын жана темир бетон куюу үчүн опалубканы орнотуу иштери жүрүп жатат.Курулуш иштери аяктагандан кийин мектепке чейинки билим берүү уюму 140 кичинекей бишкектиктерди кабыл алат.

Имараттын ичинде оюн бөлмөлөрү, ашкана, уктоочу бөлмө,  музыкалык-гимнастикалык зал  жана башка жайлар камтылган.

Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча Октябрь районунун башчысы турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча орун басарына  социалдык объектилердин курулушундагы иштердин сапатын өзгөчө көзөмөлгө алууну  тапшырды.