17 -октябрда  Лев Толстой көчөсүнүн 7 -апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү жолдогу кемчиликтерди жоюу үчүн жабылат.

Лев Толстой көчөсүн реконструкциялоо 2020 -жылдын октябрь айында жүргүзүлгөн. Бул жол дагы кепилдикте болгондуктан, бөдрөтчү компания аны өз эсебинен оңдоп берет.

Анкара көчөсү өтмөк үчүн альтернативдүү көчө.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардан каттамды алдын ала пландап алууну суранат.