10 -октябрдан баштап №7 жана №8 троллейбустук каттамдар мурдагы схема боюнча каттайт. Ашар көчөсүндөгү оңдоо иштеринин бүткөндүгүнө байланыштуу, троллейбусттук каттамдар  Ак -Өргө конушуна чейин каттай баштайт.

Белгилей кетсек, буга чейин Өмүракунов көчөсүнүн Т.Фрунзеден Ашарга чейинки оңдоо иштерине байланыштуу, эки троллейбустун каттамынын кыймылы убактылуу өзгөртүлгөн.

Эми №7 троллейбус маршруту мурда түзүлгөн график боюнча Туңгуч кичи районунан Ак-Өргө конушуна чейин, 17 троллейбус линияда 8-10 мүнөттүк аралыкта жүрөт;

-№8 троллейбустук каттам Чыгыш автобекетинен Ак-Өргө конушуна чейин каттайт, 13 троллейбус 9-10 мүнөт аралык менен линияга кирет.

Урматтуу шаардыктар! Шаардык троллейбустардын ишмердүүлүгүнө байланышкан кайрылууларды социалдык тармактардагы "Бишкек троллейбус башкармалыгы" расмий баракчасына калтырсаңыздар болот.