Ленин районунун акими Русланбек Тагаев "Ак-Өргө", "Ала-Тоо" жана "Ак-Ордо" жаңы конуштарынын жашоочулары менен жолукту.

Жолугушууда тургундар көйгөйлүү суроолорун беришти.
Инфраструктураны өнүктүрүү, канализациялык тармактарды орнотуу, таза суу менен камсыздоо, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, транспорт, аялдамаларды орнотуу жана башка маселелер боюнча маселелер көтөрүлдү.

Райондун акими бардык кызматтарга бардык көтөрүлгөн маселелерди тез арада чечүүнү тапшырды, ошондой эле кээ бир маселелер жеринен каралып чечилерин билдирди.

Белгилей кетсек, акимдин райондун тургундары менен жолугушуусу уланууда.