Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев райондук администрацияларжа жашоо шартын жакшыртууга муктаж каттоодо турган балдар үйүнүн алты бүтүрүүчүсүнө батирлердин ачкычын тапшырды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова катышты. Ал өз сөзүндө мэрге мындай демилгелери үчүн ыраазычылык билдирди.

Батирлер төмөнкүлөргө берилди:
• Емельянов Ю.Н. - Краснореченская атындагы атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) мектеп-интернатынын тарбиялануучусу;
• Байбосунов И.У. - жетим;
• Джекшенов Н.С - Краснореченская  атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) мектеп-интернатынын тарбиялануучусу;
• Нукеш У.К. - жетим;
• Эркинбекова Ж.Э. - жетим;
• Атанов Б.К. - жетим.

Ошондой эле турак-жай маселелери боюнча коомдук комиссиялардын курамына балдардын укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын өкүлдөрүн киргизүү чечими кабыл алынды.