Бишкек шаарынын  мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгына Чүй облусунун Чыгыш   айылынын тургундарынан коомдук транспорттун баасы боюнча кайрылуу келип түшкөн.

Тургундар  кичиавтобустардын ортосундагы чоң интервал жана бул конуштун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын макулдугусуз Чыгыш айылына баруучу №254 кичи автобустук каттамдын тарифин 20 сомго чейин мыйзамсыз көтөрүлгөнү тууралуу айтып беришкен.

Буга байланыштуу башкармалыкка  №254 кичи автобусту тейлеген «Жазада Транс» ЖЧКсынын директору О.Молдобочаев, Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы Качкынбай уулу Адилет жана Чыгыш айылынын тургундары чакырылган.

«Жазада Транс» ЖЧКсынын директоруна Чыгыш айылына баруучу №254 кичи автобустун жол кире баасын борбордо колдонулуучу тариф боюнча 15 сомго чейин түшүрүү тапшырмасы берилди. Мындай жол кире Лебединовка  айыл өкмөтү менен макулдашылганга чейин жарактуу болот. Ошондой эле, жетекчиге №254-маршруттук кичи автобустун белгиленген пландуу чыгуусун камсыз кылуу тапшырылды.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын январында күнүнө орто эсеп менен 1361 микроавтобус линияга чыгып жаткан. 2021-жылдын биринчи жарымында күн сайын орто эсеп менен 1,443 кичи автобус каттамга чыгып, бүгүнкү күндө орто эсеп менен 1600 кичи автобус бар. Акырындык менен жеке менчик кичи автобустардын саны көбөйүүдө.