Биринчи май райондук администрациясында КРнын маданият кызматкерлерин куттукташты.

Муниципалдык администрациянын башчысы Жамалбек Ырсалиев маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди, чың ден соолук жана үй-бүлөлүк бакыт каалады.

Райондук администрациянын Ардак грамотасы менен Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын кызматкерлери сыйланышты:

- Белекбаев Урмат Турусбекович - Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын начальниги;
- Кыдыралиев Насиль Адилетович - Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
- Салыбекова Асель Абазкановна - Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын адиси;
- Искеналиев Сездбек Искеналиевич - "Семетей" ыр жана бий ансамблинин солисти;
- Баялиева Жанета Усупжановна - «Семетей» ыр жана бий ансамблинин солисти;
- Малявина-Бутабаева Наталья Евгеньевна — «Сувенир» орус ыр ансамблинин вокалисти;
- Самудинова Кымбат Абакировна – «Доор» эстрадалык фольклордук ансамблинин солисти;
- Иманалиев Рахатбек Зайнидинович - «Кыргыз руху» фольклордук ансамблинин артисти;
- Бекбосун кызы Гүлназ – «Кыргыз руху» фольклордук ансамблинин солисти;
- Спицин Петр Александрович - балдардын чыгармачылык борборунун вокал мугалими.

Борбор калаанын мэриясы маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди  каалайт.