Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиев райондун тургундарына жеке кабыл алуу өткөрдү.

6 тургун   материалдык жардам көрсөтүү, көрктөндүрүү, жер жана турак-жай маселелери боюнча кайрылышты.

Райондун тургуну Ж.Өмүрканова жер маселеси боюнча кайрылган.
Ошондой эле И.Сыдыкова эң керектүү буюмдарга акчалай жардам берүүнү өтүндү.
Жетекчи тиешелүү кызматтарга администрациянын компетенциясына кирген бардык маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде карап чыгууну тапшырды.

Урматтуу Биринчи май районунун тургундары! Райондун акими Жамалбек Ырсалиев шаршемби күнү тургундарды кабыл алса, дүйшөмбү күнү акимдин биринчи орун басары Сатыбек Каныбеков, шейшемби күндөрү акимдин социалдык маселелер боюнча орун басары Аида Рысбаева, бейшемби күндөрү аппарат жетекчиси Чыггыз Байсов шаар тургундарын кабыл алат.

Жеке кабыл алууга жазылуу 0 (312) 32-51-60 телефону аркылуу жүргүзүлөт.