Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы, «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси жана райондук администрациялар менен биргеликте борбор калаанын эстетикалык көрүнүшүн  жакшыртуу максатынада өзүм билемдик менен орнотулган көрнөк-жарнактар менен активдүү күрөшүп жатышат.

Бүгүнкү күндө муниципалдык аймак жүздөгөн жарнактардан бошотулду:
Свердлов району – 157 даана;
Ленин району – 127 даана;
Октябрь району – 122 даана;
Биринчи май району – 218 даана.

Бул күнгө чейин “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекеме тарабынан ишкерлерге бузуу иштери боюнча эки жолу билдирүү баракчасы берилген. Биринчи жолу – 2021 – жылдын март айында, экинчи жолу – бузуу иш чаралары жүргүзүлгөнгө чейин бир ай мурун берилген.

Урматтуу шаардыктар! Өзүм билемдик менен орнотулган көрнөк-жарнактарды өз ыктыярыңыздар  менен алууңуздарды  суранабыз. Эгерде жогорудагы айтылган талаптар аткарылбаса тиешелүү кызматтар тарабынан бузуу иштерин жүргүзүүгө туура келет жана КРнын  Бузуулар жөнүндө кодексинин 277- бернесине ылайык айып пул салынат ( жеке жактарга – 5 500 сом, юридикалык жактарга – 17 000 сом).