Борбор калаада аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкек троллейбус башкармалыгы шаардыктарды коомдук транспорт менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн бардык чараларды көрүүдө.

Кар жаашы менен БТБ МИнын Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо (ЖКК) бөлүмүнүн инженерлери жолдордо жагымсыз жагдайларды алдын алуу максатында троллейбустун айдоочулары менен ылдамдыкты жана аралыкты сактоо боюнча профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Кошумчалай кетсек, бардык троллейбустар жолдо коопсуз жүрүү үчүн техникалык кароодон өттү.  Борбор калаадагы троллейбустар кадимки режимде иштеп көрсөтүлгөн графике ылайык жарандарды ташууга 130га жакын троллейбус 11 каттам боюнча линияга чыгышты.

№2- «Эт комбинаты» - «Аламүдүн-1» кичи району;
№ 4 – «Эт комбинаты» – «Кожзавод» автобекети;
№ 5 – «Тунгуч» кичи району - «Жал» кичи району;
№ 6 - 8-кичи район – «Батыш» автобекети;
№7 – «Ош» базары – «Тунгуч» кичи району;
No 8 — «Чыгыш» автовокзалы — «Айыл чарба» институту;
№ 9 - «Айыл чарба» институту – «Аламүдүн-1» кичи району;
№ 10 - «Фрунзе» заводу - «Асанбай» кичирайону;
№11 - «Асанбай» кичирайону – «Чыгыш» автобекети»;
№ 14 – «Жал» кичирайону – «Киркомстром» автобекети;
№ 17 – «Кожзавод» автобекети - «Асанбай» кичирайону.