“Тазалык” муниципалдык ишканасы шаардын көчөлөрүнө кум себүү жана тазалоо иштерин улантууда.


Кардын кесепеттерин жоюуга МАЗ үлгүсүндөгү 8 даана атайын техника, 1 даана ЗИЛ, 1 даана алдыңкы жүктөгүч, 4 даана УКМ үлгүсүндөгү унаа жана 5 даана “Беларус” үлгүсүндөгү кичи тракторлор тартылган. «Тазалык» ишканасынын жол тейлөө башкармалыгынын   10 жумушчусу көчөдө иштеп жатат.


Эртең менен 59 тонна техникалык туз сарпталды. Ошондой эле, шаар боюнча 656 тазалыкчы да штаттык режимде иштеп жатат.


Калган аймактарда карды, музду тазалоо, жолдорду жана тротуарларды туздоо үчүн борбордун мэриясынын WhatsApp: 0554 182 185 номерине же 1840 жана 1850 номурларына күнү-түнү кайрылсаңыз болот.