Свердлов районунун акими Бахтияр Карамшаков шаар тургундарын жеке кабыл алды.

Негизинен кайрылуулар жашылдандыруу, күркө орнотуу жана башка маселелерге тиешелүү болду.

Шаардыктардын бардык кайрылуулары боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилерине жана муниципалдык администрациянын жооптуу кызматкерлерине тапшырмалар берилип, айтылган бардык маселелер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында ыкчам түрдө чечүү тапшырылды.

Эске салсак, акимдин жеке кабыл алуулары ар бейшемби күнү саат 15:30дөн 17:30га чейин алдын ала жазылуу боюнча өткөрүлөт.
Жеке кабыл алууга  (0312) 36-01-93 телефону аркылуу жолугушууга жазылсаңыз болот.