17-декабрда шаарды жаңы жылдык майрамдарга карата жасалгалоо боюнча пресс-тур өткөрүлдү.

Журналисттерге шаардын көчөлөрү жана борбордук Ала-Тоо аянты кандай жасалгаланганы көрсөтүлдү.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын директору Айбек Чодоновдун айтымында, өлкөнүн башкы балатысын жана аянтты жасалгалоо иштери аяктады. Жалпы аянт жана балатынын бутагы 14 миң 200 метр гирлянда, 7 миң 500 метр дюралайт, 8 миң 420 метржалтыраган мишура менен кооздолгон. 25 метрлик башкы балаты кар бүртүкчөлөрү жана жаркыраган шарлар түрүндөгү 296 оюнчук менен кооздолгон.

Шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун Ала-Тоо аянтынын жасалгасы кубандырат. Светодиоддуу жарыктандыруусу бар эки инсталляция-туннель, 12 кичинекей балаты, 12 кар бүртүкчөлөрү, 20 чоң шар жана жарыктандыруусу бар акрилден жасалган 20га жакын инсталляция. «Илбирс» имараты  143 ак жарык чыгаруучу плафон менен кооздолгон.

Борбор калаанын борбордук көчөлөрүндө жылдыздар, глобустар жана шарлар түрүндөгү жаңы жылдык жасалгалар пайда болду.

Белгилей кетсек, 17-декабрга карата 2 миллион 568 миң сом сарпталган.

Салыштыруу үчүн айта кетсек, 2017-жылы 15,5 миллион сом, 2018-жылы 6,8 миллион сом, 2019-жылы 11 миллион сом суммасында тендер жарыяланган. Өткөн жылы борбор калааны кооздоодо жаңылануулар болгон эмес, ушул себептен шаарды жасалгалоого 946 миң сом сарпталган.