Шаардык транспорт башкармалыгында коомдук транспорттун каттамдарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жума сайын жыйынга чогулат.

Комиссия шаардык каттамдарды ачуу, жабуу жана өзгөртүү маселелерин объективдүү кароо жана негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөн.

Курамга Патрулдук кызмат башкармалыгынын, Бишкек шаары боюнча Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл агенттигинин, Бишкек троллейбус башкармалыгынын, Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын жана акимчиликтердин өкүлдөрү кирди.

Жакында болуп өткөн жыйында жети маселе каралды. Талкуунун жыйынтыгы менен Шералиев – Эр-Тайлак – Садыбакасов – Камбар-Ата – Ак-Таң көчөлөрү боюнча №135 маршруттук таксилердин кыймылын жарым-жартылай өзгөртүү чечими кабыл алынды. Андан кийин каттам ошол эле трафиктин схемасы боюнча жүрөт.

Чүй проспектиси боюнча №121 кичи-автобус каттамынын схемасы Лермонтов көчөсүнө чейин, Лермонтов көчөсү менен Фрунзе көчөсуунө чейин, Фрунзе  менен Веселая көчөсүнө чейин убактылуу өзгөртүлүп, схеманын калган бөлүгү өзгөрүүсүз калды.

Беш маселе комиссиянын кийинки отурумуна жылдырылды.

Урматтуу шаардыктар! Комиссия жума сайын жума күндөрү саат 13:00дө өткөрүлөт жана шаардык транспорт башкармалыгынын расмий баракчасында көрсөтүлөт: https://www.facebook.com/ugt533646

Коомдук транспорт боюнча  WhatsApp аркылуу байланышсаңыз болот: 0 (502) 205 202.