17-декабрда “Жаннат” мейманканасында борбор калаанын мэри Айбек  Джунушалиевдин катышуусунда “Бишкек – 2026. Ыңгайлуу жана жашыл борбор” социалдык-экономикалык өнүгүү Программасынын долбоорун талкуулаган тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун ишине Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев, борбордун вице-мэрлери, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, мэриянын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышты.

Тегерек стол учурунда катышуучулар борборубуздун өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин көтөрүшүп, өз пикирлерин билдирип, өз сунуштарын жана эскертүүлөрүн билдиришти.

Мэр  программа коопсуз жана ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүгө багытталганын, шаардын негизги документин иштеп чыгууда биринчи кезекте борбор калаа тургундарынын кызыкчылыгы тургандыгын, бардык айтылган сунуштар жана сын-пикирлер эске алына тургандгын   белгилеп,  документти талкуулоого активдүү катышкандыгы үчүн бардыгына ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле Программаны иштеп чыгууда шаар муниципалитетинин жетектөөчү эксперттери жана эксперттик жамааттын консультанттары катышканын айтты. Аны иштеп чыгууда 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасында белгиленген негизги артыкчылыктар, ошондой эле шаардык кеңештин саясий партияларынын шайлоо алдындагы программаларынан өнүктүрүү пландары эске алынган.

Бул программа мурдагы Бишкек шаарын 2017-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн “Ыңгайлуу шарттар шаары” программасын улантат. Аны ишке ашырууга 27,5 миллиард сом пландалып, 3,5 миллиард сом каржыланып, 12,7 пайызды түздү. Программанын төмөн аткарылышынын негизги себеби, COVID-19 коронавирустук инфекциясынын узакка созулушуна байланыштуу экономикалык өсүштүн начарлашы болду.

Орто мөөнөттүү келечекте Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн жалпы максаты борбордун тургундары жана коноктору үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүү болуп саналат.

Программада шаардын учурдагы көйгөйлөрү эске алынып, келечекте алардын терс таасирин азайтуу чаралары камтылган. Ушуга байланыштуу, мэриянын көз карашы Программада алты багыт боюнча чагылдырылган:

1.Социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыздоо;
2.Жагымдуу шаардык чөйрө;
3.Шаардын заманбап инфраструктурасы;
4.Шаардын жагымдуу архитектуралык-көркөм көрүнүшү;
5.Экономиканын өсүшү жана жергиликтүү бюджетти чыңдоо;
6.Натыйжалуу шаардык башкаруу.

Ар бир багыт боюнча иш-чаралардын комплекси иштелип чыккан, анын ичинде артыкчылыктуулары бар, аларды ишке ашыруу кошумча такталган кирешелердин эсебинен ишке ашырылат.