18-декабрда түнкү саат бир жарымдар чамасында «Ала-Тоо» ресторанынын алдында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерин сүзүп кетишкен. Тилекке каршы, адам ошол жерден каза болгон.

Маркумдун үй-бүлөсүнө борбор калаанын мэринин резервдик фондунан 50 миң сом жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле, «Тазалык» муниципалдык ишканасы каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө КРнын Эмгек кодексинде белгиленген тартипте компенсация төлөп берет.

Калаа башчысы Айбек Жунушалиев эки каргашалуу окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, шаардык кызматтын кызматкерлери жарык чагылдыруучу жилет менен иштешет. Бирок, мындай окуялар да коштолуп жатканы өкүндүрөт.

Бишкек шаарынын мэриясы маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Ошондой эле айдоочуларды жолдордо этият болуп, ылдамдыкты жана жол эрежесин сактоого чакырат.