“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы 60 миң жашыл тосмо көчөттөрүн отургузууну пландаштырып жатат.


Бирючина жашыл тосмосу - бул кооздуктун жана функционалдуулуктун айкалышы,  бул бадалдын түрү оңой өсүп, тез жетилет, эң негизгиси бутоо иштерине активдүү өсүү менен жооп беришет.

“Бишкек жашыл чарба” муницпалдык ишканасынын эмгекчил кызматкерлери Бөкөнбаев жана Абдрахманов, Чүй/Гоголь, Ч.Айтматов көчөлөрүндө 20 миң жашыл тосмо көчөттөрүн отургузушуту. Ошондой эле Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүндө өсүп жаткан жашыл тосмолорду өз калыбына келтирип жатышат.

Урматтуу шаардыктар! Шаардык ишканалардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлап, муниципалдык мүлккө аярлуу мамиле жасоону суранабыз!