Борбор калаадагы 8 турак жай үйлѳрүнѳ 20 жаңы лифт орнотулду.

Аталган лифттер төмөнкү даректер боюнча модернизацияланды: Үсөнбаев көч., №3, Ибраимов көч., № 26, 30, 7-кичи районундагы № 25 33 үйлөр, Түштүк-2 кичи районундагы № 4, 9, 10 үйлөргѳ орнотулду.

«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан жаңы кабиналарды орнотуу, көтөрүүчү механизмдерин жана редукторлорду алмаштыруу иштери жасалды.

Бардык объектилерде кабыл алуу комиссиясы өтүп, ишти ѳткѳрүү актыларына кол коюлуп, жабдуулар ишке киргизилди. Азыркы тапта Турак-жай менчик ээлеринин менчигине, лифттерди өткөрүү процесстери жүрүүдѳ. Жаңы лифттер ыңгайлуу тынч кабинага жана токтоо тактыгына ээ.