Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинде (КМЮ) “Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында укук бузуулардын алдын алуу жана студенттерге келечектеги кесиптик ишмердүүлүк тармагын тандоодо кесиптик багыт берүү” деген темада тегерек стол өттү.

Тегерек столго тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары жана Свердлов районундагы мектептердин жетекчилери катышты.

Иш-чаранын максаты - жаштардын чөйрөсүндө укук бузуулардын алдын алуу жана чыр-чатактарды болтурбоо, юридикалык чөйрөдөгү кесиптердин кадыр-баркын жогорулатуу үчүн жаштарга кесиптик багыт берүү системасын өркүндөтүү болду. Ошондой эле, кесиптик-техникалык билим берүү, кадрларды даярдоо жаатында социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана Юридикалык колледж менен окуу жайлардын кызматташуусунун ийкемдүү системасын өнүктүрүү.

Тегерек столдун катышуучулары мындай иш-чараларды системалуу түрдө өткөрүү каалоолорун билдиришти.

Уюштуруучулар Кыргыз мамлекеттик университетинин Юридикалык колледжи (КМЮУ), Свердлов районунун билим берүү жана балдар чыгармачылык борборлору «Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн укуктук билимдер» ЮК (КМЮУ) долбоорунун алкагында болушту.