“Бишкексууканал” ӨЭБы PIP-3b Канализациялык коллекторду курууга (акыркы үч лот) бир этаптуу ачык сынак жарыялайт:

Лот 3 Фучик көчөсү менен Ленская көчөсүнүн кесилишинен Фучик көчөсү менен Москва көчөсүнүн кесилишине чейинки канализациялык коллекторду куруу. Участоктун узундугу 2241,35 метр.

Лот 4 Фучик көчөсү менен Москва көчөсүнүн кесилишинен Кочкор көчөсү менен Матыев көчөсүнүн кесилишине чейинки канализациялык коллекторду куруу. Участоктун узундугу 2304,51 метр.

Лот 5 Канализациялык коллекторду куруу:

- № 5 участок Кочкор көчөсү менен Матыев көчөсүнүн кесилишинен Ахунбаев көчөсү менен Бакаев көчөсүнүн кесилишине чейин. Участоктун узундугу 2031,89 метр;

- № 6 участок Асаналиев көчөсү боюнча Гагарин көчөсүнөн Кочкор көчөсүнө чейин. Участоктун узундугу 669,09 метр.

Тооруктун катышуучулары бардык лотторго чогуу табыштамаларды берүүсү керек. Лоттор бир контракттын бөлүнбөс бөлүгү.
Сынак Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын  (ЕРӨБ) ЕСЕРР – https://ecepp.ebrd.com электрондук сатып алуу порталы аркылуу жүргүзүлөт. Тендерге катышуу үчүн катышуучулар пайдалануу шарттарына ылайык ЕСЕРРке катталышы керек. Катталган катышуучулар гана сынакка катыша алат, документтерге, түшүндүрүүлөргө, кошумчалоолорго, өзгөртүүлөргө кирүүгө уруксат алууга жана өздөрүнүн жообун/ сынактык табыштамасын ЕСЕРР аркылуу жиберүүгө мүмкүндүк алат.

Сынактык табыштамалар 2022-жылдын 31-январында саат 10.00дө (Улуу Британиянын убактысы боюнча) https://ecepp.ebrd.com электрондук сатып алуу порталында автоматтык түрдө ачылат.

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо долбоорун – II фаза каржылоо үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан башкаруучулук кылган Швейцария Конфедерация Өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн (SЕCО) грант каражаттарынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынын көрсөтүлгөн кредит каражаттарынын бөлүгүн пайдаланууну ниет кылат.