Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Жаңы магистралдык канализациялык коллектордун курулушунун эсебинен шаардык канализация тармагынын кеңейтилишине байланыштуу сиздердин көбүңүздөр борборлоштурулган канализация системасына кошулуу жана жашоо шартыңызды жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн аласыздар.

Жаңы канализация коллектору Пригородное айылындагы саркынды сууларды тазалоочу жайдан Ахунбаев көчөсүнө чейин (жалпы узундугу – 11 км) өтөт. Коллекторду төшөө боюнча курулуш иштери алты бөлүккө бөлүнөт жана этап менен ишке ашырылат:

- тазалоочу жайдагы кабыл алуу камерасынан Юбилейная көчөсүндөгү түштүк-батыш коллекторуна чейин (узундугу - 2333 м.),
- түштүк-батыш коллектордон Фучик жана Ленская көчөлөрүнүн кесилишине чейин (узундугу - 1657 м.),
- Фучик жана Москва көчөлөрүнүн кесилишине чейин (узундугу - 2241 м.),
- Кочкор жана Матыев  көчөлөрүнүн кесилишине чейин (узундугу - 2304 м.),
- Ахунбаев жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишине чейин (узундугу - 2032 м.),
- Асаналиев жана Гагарин көчөлөрү менен Кочкорская көчөсүнө чейин (узундугу - 669 м.).

Курулуш иштери аяктагандан кийин жаңы коллекторго туташтыруу суроолору боюнча “Бишкекбашкы архитектура” мамлекеттик мекемесинин “Бирдиктүү терезесине” кайрылсаңыздар болот.

«Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин «Бирдиктүү терезе» дареги : Бишкек ш.,  Турусбеков көч., 10
Маалымат телефону: 0312– 31-72-94
Иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума 8.30-17.30, түшкү тамактануу 12.00-13.00