Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, блокадачы Анна Алексеевна Кутанованы туулган күнү менен куттуктады.

Ленинград блокадасында Анна Алексеевна мектеп окуучусу болгон жана аткылоо жана бомбалоо астында сигналчы болуп кызмат өтөгөндүктөн, ал "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы менен сыйланган. Ленинграддагы Василеостровский районунун №24 орто мектебин бүтүрүп, Вознесенский финансы-экономикалык институтуна тапшырып, аны аяктаган соң Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Финансы министрлигинин көзөмөл жана аудит бөлүмүндө иштеген.

«Эмгек ардагери» медалы жана көптөгөн юбилейлик медалдар менен сыйланган. Анна Алексеевнанын 3 уулу, 5 небереси, 1 чөбөрөсү бар.
Бишкек шаарынын мэриясы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Анна Алексеевна Кутанованы 92 жаш мааракеси менен куттуктап, чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайт!