Биринчи май акимиатынын жыйындар залында аким Жамалбек Ырсалиев №12чи жана 15- жергиликтүү аймактык башкармалыктардын иши боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жыйынга райондук кызматтардын, бөлүмдөрдүн жетекчилери жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.
МАБтын жетекчилери 2021-жылга аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, быйылкы жылдагы милдеттер тууралуу айтып беришти.
Маалыматтарды уккан район башчысы МАБтардын иши жетишсиз болуп жатканын белгилеп, мындан тышкары стихиялуу соода түйүндөрүн, мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу майларды жоюу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берди.

Райондун «Тазалык» жана «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кураторлоруна көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин талаптагыдай эмес жүргүзгөндүгү үчүн оозеки сөгүш жарыяланды.

Ошондой эле, аким калк арасында COVID-19га каршы эмдөө иштерин күчөтүүнү эскертти.

Жыйынтыгында райондун бардык кызматтарына жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбаса жоопкерчиликке тартылаары эскертилди.