Биринчи май районунда коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салынган мыйзамды шаардыктар тарабынан сактоо боюнча рейддер башталды.

Рейдге акимчиликтин, МАБтын, Ички иштер башкармалыгынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун  өкүлдөрү катышты.

2021-жылдын 15-сентябрындагы № 12 токтомунун «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини чегүүнүн, никотиндин жана тамекинин түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» токтомунун негизинде, Биринчи май районунун аймагында жайгашкан оюн-зоок жайларында – түнкү барларда, дискотекаларда, кальян залдарында, оюн/интернет клубдарда, сауналарда, бильярд залдарында Кыргыз Республикасынын “Ден соолукту коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүүдөбүз.

Алдын алуу иш-чаралары уланууда.

Урматтуу шаардыктар! Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 83, 84 жана 85-беренелерине ылайык, жаран тамеки чегип жаткан жеринен кармалса жоопкерчиликке тартылаарынн эскертебиз.