«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын энтомологтору «Орок» конушунда табылган курт-кумурскалардын  зыяны жок экенин аныкташты. Жылуу аба- ырайына байланыштуу бул курттар  жердин астынан жаз мезгилине чейин ойгонуп чыгышты.

Булар жашыл чөп менен азыктанып шаардын ичинде дагы кездеши мүмкүн. Энтомологтордун айтышы боюнча аба -ырайынын өзгөрүлүшү менен, күндүн суукташын бул курттар көтөрө албай өлүшү  мүмкүн. Ишкананын адистери видеонун автору менен байланышка чыгып, жакын арада “Орок” конушуна барып бул курттардын келип чыгышын  аныкташарын белгилешти.