19-январга карата Бишкек шаарында жаңы катталган коронавирус инфекциясы жана жугуштуу пневмония менен ооругандардын саны 627 учурду түздү.

Бүгүнкү күндө дагы үч мектеп убактылуу онлайн окутууга жөнөтүлдү: №30, 17 жана 32.

Убактылуу онлайн окутууга 16 мектеп өткөн: Свердлов районунда (4, 11, 12, 38, 67, 30, 32), Биринчи май  районунда (6, 18, 29), Октябрь районунда (17, 26, 88, 62, 60, 73).

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаада ооругандардын саны өсүүдө. Сизди жана сиздин жакындарыңызды коргоо үчүн болгону 4 (!) пункт бар: бет кап тагынуу, колду антисептик менен тазалоо, аралыкты сактоо жана  эң эффективдүүсү эмдөөдөн өтүү. Өтүнөбүз, ден соолугуңузду сактагыңыз келсе, вакцина алыңыз.