Октябрь районунун жетекчилиги "Улан"кичирайонунда көчмө жыйын өткөрүштү. Буга чейин шаар мэри Айбек Жунушалиев ушул кичи райондо жашаган тугундар  менен жолуккан.

Кичи райондун жашоочулары акимиаттан кошумча таштанды аянчасын орнотуга жана  № 1, 1/1, 5  үйлөрдүн ортосуна балдар аянтчасын куруу маселесин кароону суранышты, ошондой эле Улан кичи районунун №1, №2, №3, №4, №5, №6, № 7, №1/1  үйлөрдүн жашоочулары үчүн 7-апрель көчөсүндөгү жөө адамдар өтүүчү жайды жасоону  өтүнүштү.

Жолугушууга Бишкек шаардык кеңештин депутаты Олег Попиков, “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын, №10 МАБ, “Комтранском”, "Бишкеккурулуш", “Памир строй”  ЖЧКларынын,  Бишкек шаардык жана райондук кызматтарынын кызматкерлери катышты.

Райондук кызматтарга аймакты санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү, анын жанындагы жана короо аралык аймактарды тазалоону күчөтүү, ошондой эле тургундардын көйгөйлөрүн тез арада чечүү тапшырылды.