«МИНСКИЙ АВТОМОБИЛЬНЫЙ ЗАВОД» Ачык акционердик коомунун өкүлдөрү Бишкек шаарында 3 айга сыноодон өтө турган МАЗ 206946 үлгүсүндөгү жаңы жүргүнчүлөрдү ташуучу автобусту сунушташты.

Белгилей кетсек, бул жапыз баскычтуу автобус шаардык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууга ылайыкталган.
Бул автобуста майыптарга коляска менен кирүү үчүн бүктөлүүчү тепкич, жүргүнчүлөрдү отургузуу/түшүрүүнү жеңилдетүү үчүн кузовдун кыйшаюу "Книлинг" системасы; ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн тиешелүү аппараттарды бекитүү үчүн жабдуулар менен камсыздалган.