Бир жылдык гүлдөрдүн сулуулугун баары билет, алар кооз жана түрдүү түстөрү менен айырмаланат, ошондой эле шаардын гүлзарларында жаркыраган композицияларды түзүшөт.

Бүгүн борбор калаадагы Бишкекжашылчарбанын №1- күнөсканасында бир жылдык гүлдөрдүн биринчи себүү иштери башталды.
Бир жылдык гүлдөрдүн биринчи партиясы 300 миңге жакын уруктарды түздү, алардан жакын арада гүлдөр пайда болот. Ал эми кийинчерээк биздин кызматкерлер аларды чөйчөккө салып коюшат, мындай процедура ачык жерге отургузууда тамыр системасына зыян келтирбөө үчүн керек.

Бишкекжашылчарбанын жумушчуларынын көзөмөлү астында биздин күнөсканаларда гүлдөр өстүрүлөт. Эске салсак, бул жылы шаардын гүлзарларын сальвия, тагетис, цинния, георгина, агератум ж.б. гүлдөр көркүн ачат.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын муниципалдык аймагындагы жашылдандыруу жана бак-дарактарды санитардык бутоо маселелери боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

Свердлов району боюнча: 0505 243 366
Октябрь району боюнча: 0701 311 004
Биринчи май району: 0701 321 008
Ленин району боюнча: 0555 352 569