2021-жылдын ичинде 7 миңден ашуун бала каттоого алынган, алардын ичинен, 854 бала - турмуштун оор кырдаалына кабылган абалда болушкан.

Жүргүзүлгөн иштер жана көрүлгөн чаралардын  жыйынтыгы менен:
-123 бала -  асырап алуучуларга жана камкорчуларга дайындалышкан;
-278 бала  -  реабилитациялоо борборлоруна жайгаштырылган;
-113 баланын – туулгандыгы  тууралуу күбөлүктөрү калыбына келтирилген;
-219 бала  -  өздөрүнүн  үй-бүлөлөрүнө кайтарылган.

Социалдык кызматкерлер тарабынан  ИИБ, МАБдардын кызматкерлери  менен биргеликте  чогуу 123 рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп,  жыйынтыгында, 648 жашы жете элек өспүрүм балдар аныкталган, алардын ичинен:
-124 бала - иштеп жүргөн;
-18и – тиленип жүрүшкөн;
-424ү  -  компьютердик  клубдарда болушкан;
-4өөсү – ар кайсы жерлерде жүргөн;
-78 балалуу аялдар - Өзбекстан Республикасынан келип, тилемчилик кылып жүрүшкөн.

Бул багыттагы иштер улантыла берет.