Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан балдарга карата ырайымсыз мамиленин  жана зордук-зомбулуктун алдын-алуу багытында бир топ иш-чаралар өткөрүлүп келет: 17 миңден ашуун үй-бүлөнүн жашоо-тиричилик шарттары  текшерилген  жана  текшерүүнүн  жыйынтыгы  менен:
-турмуштун оор кырдаалына кабылган, алардын ичинде эмгек мигранттарынын балдары каттоого алынган;
-161 үй-бүлөгө - социалдык жардам көрсөтүлгөн.

Борбордо 111 – “ишеним телефону” өз ишин  улантууда,  анын жардамы менен психологиялык кеңештер/консультациялар берилет, андан ары реабилитациялоо сабактары өткөрүлөт.

Зомбулуктан  жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам берүү борборунун алдында “Балдарга тез арада шашылыш  жардам берүү үчүн социалдык автомобиль” социалдык кызматы иштейт,  2021-жылдын ичинде  аталган кызмат тарабынан 745 чыгуулар болгон.

Бишкекте  Балдарды социалдык адаптациялоо борбору (Курчатов көч.-70) жана “Айданек” жашы жете элек балдар үчүн реинтеграциялоо борбору  иштээрин белгилеп кетебиз.