Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиевдин төрагалыгы алдында  Бишкек шаардык кеңештин депутаты Максат Алымбеков жана райондук кызматтардын, МАБ жетекчилеринин катышуусунда коллегия өткөрүлдү.

Отурумда коллегиянын иш планы, райондун өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыгы жана 2022-жылга карата милдеттери каралды.

Талкууда райондук кызматтарга кирешени көбөйтүү жана чарба жүргүзүүчү субъектилерден салык береселерин өндүрүү, ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча пландын аткарылышын камсыздоо иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

Курулуш жаатына жолдорду реконструкциялоо долбоорлорунун, 2022-жылга карата курулуш объектилеринин титулдук тизмесинин аткарылышын, ошондой эле «Бишкекжарык» жана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканаларынын өндүрүштүк иштерин көзөмөлдөө тапшырылды.

Мындан тышкары, аким иретсиз соода-сатыкты жоюу, аймакты көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо, таштандыларды өз убагында чыгаруу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле, райондук ички иштер бөлүмүнө, билим берүү борборуна, социалдык өнүктүрүү башкармалыгына жана МАБ жетекчилерине базарларда, унаа жуучу жайларда, техникалык тейлөө станцияларында жана компьютердик клубдарда кароосуз калган, иштеген жашы жете элек балдарды аныктоо максатында  рейддерди жана балдар, өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү керектигин баса белгиледи.

Коллегиянын мүчөлөрү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен токтом кабыл алышты.