Борбор калаада "Элкуб" компаниясынын Кыргызстандагы биринчи электр унаалары үчүн кубаттоочу станциялар тармагынын расмий ачылышы өттү.

Эми электромобилдердин ээлери төмөнкү даректердеги станциялардан “кубат” ала алышат:

•"Томми Молл" соода борбору;
• «Азия Молл» соода борбору;
• «Ала-Арча» соода борбору;
• Фрунзе "Технопарк" гипермаркети;
•Фрунзе «ТЭЦ» гипермаркети;
• Фрунзедеги «Жал» гипермаркети;
•Глобус «ТЭЦ» гипермаркети;
•Лев Толстой көчөсүндөгү  Глобус гипермаркети;
•Медеров көчөсүндөгү Глобус гипермаркети;
•“Интермедиа” бизнес борбору.

Ачылышка Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын адистери да катышып, борбор калаадагы экологияны сактоо демилгеси үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.