Шаардык билим берүү башкармалыгынын маалыматында, карантинге Бишкектин 24 мектеби жана 3 бала бакчасы жабылды.

Ленин районунда №9, 13 мектеп жабылды. Октябрь районунда 6 мектеп: №17, 26, 88, 62, 60, 73. Биринчи май районунда 6 мектеп: №6, 18, 28, 70, 61, 48. Свердлов районунда 10 мектеп карантинге жабылган: №4, 11, 12, 38, 67, 30, 32, 33, 52, 1. Карантинге жабылган бала бакчалар: №135, 148, 61.

Акыркы суткада борбордо борбордо 289 жаңы учур аныкталды, анын 33 симптомсуз, 36 бейтап ооруканага жаткырылды. Тилекке каршы 2 адам каза болду.

Каалоочулар "Sinopharm", "AstraZeneca", "Moderna", "Pfizer" жана  "Спутник Лайт" вакциналарын шаар баюнча уюштурулган  79 убактылуу эмдөө пунктунда  ала алышат.

2022-жылдын 27-январына карата эмдөө башталгандан  бери жалпы 159 981 адам биринчи эмдөөдөн, 131 089  адам 2-чи эмдөөдөн өттү. Акыркы суткага карата 555 адам, анын ичинде биринчи доза менен 350, экинчи доза менен – 205 адам эмделген.

Белгилей кетсек, шаардык медициналык мекемелерде ооруканага жаткыруу үчүн орундар жетиштүү. Оорунун алгачкы белгилери байкалганда, өз алдынча изоляцияга өтүүнү жана кеңеш алуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгериңизге же 118 колл-борборуна кайрылууңузду же мобилдик топту чакырууну суранабыз.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерден сактануу чараларын так сактоону: массалык иш-чараларга баруудан баш тартууну, аралыкты сактоону, бет кап тагынып, колду бат баттан жууп, жабык жайларды желдетип турууну, антисептик менен колдонууну жана эмдөө өтүүнү суранабыз. Эмдөө таажы тумоо менен күрөшүүнүн жалгыз натыйжалуу ыкмасы болуп саналат. Өзүңүздү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар!