Биринчи май районунда коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзамды шаардыктардын так сактоосу боюнча рейддер уланууда.

Тамекиге каршы рейдди акимчиликтин, МАБтын, Ички иштер башкармалыгынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун  өкүлдөрү жүргүзүүдө.

Рейддик иш-чаралар Биринчи май районунун аймагында жайгашкан оюн-зоок жайларында – түнкү барларда, дискотекаларда, кальян, оюн/интернет клубдарда, сауналарда, бильярд залдарында Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 12 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөнүн, никотиндин жана тамекинин түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында өткөрүлүүдө.

Бүгүн 16 мекеме текшерилип, бул жолу “Омар Хайям” чайканасында мыйзам бузуулар аныкталып, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл тарабынан 13 000 миң сом өлчөмүндө протокол түзүлдү.

Алдын алуу иш-чаралары уланууда.

Урматтуу бизнес коомчулугунун өкүлдөрү! Мыйзамды сактоого чакырабыз. Тамеки чегүүгө каршы күрөштө биргелешип жакшы натыйжаларга жетишебиз.