Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жаңы билим берүү мекемелерин жана окуу имараттарын куруу маселеси боюнча курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолугушту.

Муниципалитет башчысы борбор калаадагы мектептердин толуп калган көйгөйлөрүн, жаңы конуштарда билим берүү мекемелеринин жетишсиздигин чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш тармагынын өкүлдөрүн мэриянын тендерлерине катышууга, муну менен балдардын сапаттуу билим алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө борбор калааны колдоого чакырды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен борбор калаада 16 мектепти куруу, анын ичинде учурдагы имараттарга кошумча имараттарды куруу пландаштырылууда.
Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, №6, №40, №20, №75, №73, №88чи мектептердин жаңы окуу корпусун куруу, ошондой эле №76чы мектептин структурасын бекемдөө жана капиталдык оңдоодон өткөрүү, №10чу мектептин тирөөч конструкцияларын бекемдөө жана №35чи мектептин спорт залын куруу пландалууда.

Коомдук- мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы “Көлмө”, “Ак-Босого”, “Рухий-Мурас”, “Алтын-Ордо”,” Мурас-Ордо”, “Ак-Ордо”, “Ак-Бата” конуштарында жаңы курулуштар боюнча долбоорлорду жарыялады.