«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы билдиргендей, борбордун бардык төрт районунда тышкы жарыктандыруу тармагын оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошол себептен, күндүзгү убакта кээ бир көчөлөрдө жарыктар күйүп турат.

Свердлов районунда төмөнкү  көчөлөрдүн кесилиштеринде:  


- Жибек-Жолу;
- Курманжан-Датка көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейин;
- Кумушалиев Салиева жана Көлбаев көчөлөрүнүн ортосундагы;
- Саратов жана Салиева, Кантемиров көчөлөрүнүн ортосунда;
- Фрунзе жана Салиева, Пархоменко көчөлөрүнүн ортосунда;
- Саратов жана Салиева, Веселая көчөлөрүнүн ортосунда.

Биринчи май районунда:

- Дэн Сяопина Месароша көчөлөрүнөн Патриса Лумумбы көчөсүнө чейин. Ал жакта электр өткөрүүчү линияларды монтаждоо иштери жүргүзүлөт;
- «Ак Босого» конушунда жарык диоддуу чырактар орнотулат;
- Абдумомунов, Абдрахманов, Чүй жана Тоголок Молдо кесилишинде электр берүү линияларын оңдоо пландаштырылууда.

Ленин райононунда:

- Маликова Алыбаев жана Гагарин көчөлөрүнүн ортосунда;
- Кулатов, Чортеков (батышка карай), Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Чүй проспектиси Киев менен Манас көчөсүнүн ортосунда;
- Токтогул проспектиси менен Манас жана Турусбеков көчөсү ортосунда;
- Фучик жана Рыскулов көчөлөрү;
- Асаналиев, Л. Толстой жана Алтымышев көчөлөрүнүн ортосунда;
- Алыкулов көчөсүнөн  Мурманс көчөсүнө карай;
- Орто-Сай көчөлөрү боюнча, Д.Садырбаевден чыгышты карай;
- «Ак-Ордо» конушу (Чолпон көчөсү).

Октябрь районунда Токомбаев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин менен Сухэ Батор, Ахунбаев жана Достоев, Сары-Өзөн, Байтик Баатыр Масалиевден Ахунбаев көчөлөрүнө чейин  көчө чырактарына ондоо иштери жүрүүдө.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин, көчөңүздө күндүз чырактар күйүп турган болсо, демек көчө жарыктарына профилактикалык оңдоо иштери жүрүп жатат. Көчөдөгү жарыктандыруунун электр азыктандыруу тармагында,  белгилүү бир аймакка чыңалууну берүү же алып салуу каралбайт. Ошондуктан, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери күйүп кеткен лампаларды өзгөртүп, байланыш кошулмаларынын текшеришкенге чейин бир нече көчөлөрдө жарык күйөт. Көчө фонарлары 15 мүнөттөн көп эмес убакытка күйөт.
«Бишкекжарык» МИнын авариялык-диспетчердик кызматы: 0312 46-30-89 жана 0312 57-63-51
WhatsApp 0777 902-115 (күнү-түнү).