Октябрь районунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки чегүүнүн, никотинди колдонуунун кесепеттеринен, тамеки түтүнүнүн таасиринен жана аэрозолдон коргоо жөнүндө» мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча рейддер жүргүзүлүүдө.

Коомдук тамактануу жайларында рейддерди акимчилик, Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун  инспекторлору менен биргеликте жүргүзүүдө.

Комиссия тарабынан мыйзам талаптарын бузган 4 мекеме текшерилип, «Кавказский дворик» кафесине жана «Элемент» кафесине  Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 84-беренесине ылайык 26 000 сом өлчөмдөгү протокол түзүлдү.