Саламаттык сактоо башкармалыгынын  маалыматы боюнча, акыркы суткада борбордо коронавирустун жана пневмониянын жаңы 216 учуру катталды, анын ичинен  181 учуру лабораториялык жактан тастыкталып, 35 учуру пневмония экендиги аныкталды.

Каалоочулар "Sinopharm", "AstraZeneca", "Moderna", "Pfizer" жана  "Спутник Лайт" вакциналарын шаар баюнча уюштурулган  79 убактылуу эмдөө пунктарында  алса болот экенин эсиңиздерге салабыз.

2022-жылдын 28-январына карата эмдөө башталгандан  бери жалпы  160 миң 700 адам биринчи эмдөөдөн, 131 423  адам 2-чи эмдөөдөн жана 10 миң  795 адам бустердик доза менен эмделишти.

Урматтуу шаардыктар! Оорунун алгачкы белгилери байкалганда, өз алдынча обочолонууга өтүүнү жана кеңеш алуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгериңизге же мобилдик топту чакыруу үчүн 118 колл-борборуна кайрылууңузду  суранабыз.

Шаарда үй карантиндеги адамдардын ден соолугунун абалына байкоо жүргүзүүнү уюштуруу үчүн 21 мобилдик топ иштеп жатат.

1 - январдан баштап мобилдик бригадалар 7566 чакырууга барган, акыркы суткада – 456, ПЧР-изилдөө жүргүзүү үчүн 8702 мазок алынган, акыркы суткада-481.                                                                                                                                                                                                                    

Урматтуу шаардыктар! Сиздерден сактануу чараларын так сактоону: массалык иш-чараларга баруудан баш тартууну, аралыкты сактоону, бет кап тагынып, колду бат баттан жууп, жабык жайларды желдетип турууну, антисептик менен колдонууну жана эмдөө өтүүнү суранабыз. Эмдөө таажы тумоо менен күрөшүүнүн жалгыз натыйжалуу ыкмасы болуп саналат. Өзүңүздү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар!