9-февраль күнү саат 14:03 чамасында №14- каттамдагы номери - 1615 троллейбусунун айдоочусу С.А. Чүй проспектиси менен К.Акиев көчөсүнө жетпей чыгыш тарапты көздөй бара жатып, жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.

Жөө жүргүнчү Чүй проспектисинин түштүк тарабынан түндүк тарапты көздөй өтүп бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен 2002-жылы туулган кыз М.Б.О.  жарат алган. Кырсык болгон жерге дароо Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын инспектору жана тез жардам кызматы чакырылган.

Кыз КР Улуттук госпиталынын нейрохирургия бөлүмүнө жеткирилген.

Учурда Бишкек троллейбус башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын жетекчиси жабырлануучунун дарыгери менен байланышта. Абалы орточо оор деп бааланууда. Дарыгердин алдын ала койгон диагнозу боюнча кыздын мээси чайкалып, гематома бар, томографияга жөнөтүлгөн.

Троллейбустун айдоочусу жеринде болгон жол кырсыгынын инспектору менен бирге наркологго медициналык текшерүүгө жөнөтүлгөн.