Биринчи май акимчилигинде райондун мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлери жана өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү үчүн «Финансылык сабаттуулук» деген темада окуу болуп өттү.

Иш-чаранын максаты экономика жана каржы тармагындагы финансылык сабаттуулукту жогорулатуу болгон.

Семинардын жүрүшүндө баяндамачылар жеке каржыны башкаруу, пенсиянын топтолгон бөлүгүн үнөмдөө жана инвестициялоо, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө айтып беришти.

Семинардын катышуучулары финансылык сабаттуулукка үйрөтүү маселесине кызыгып, жалпы талкууга активдүү катышышты, ошондой эле кызматкерлер каржы тармагындагы көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн жолдорун талкуулашты.

Семинардын аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Семинардын уюштуруучулары «Кыргызстан» пенсиялык топтоо фонду жана « Центр Профи Кей Джи » ЖЧКсы.