2022-жылдын 10-февралында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын электрондук сатып алуулар сайтында Бишкек шаарында таштандыларды сорттоочу заводдун курулушу боюнча боло турган тендер тууралуу билдирүү жарыяланган.

Билдирмеге ылайык, тендерди жарыялоонун болжолдуу датасы 2022-жылдын 15-марты болуп саналат.

Эске салсак, заводдун курулушу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын долбоору менен каржыланат, анын бюджети 22 миллион еврону түзөт, анын ичинен 11 миллиону ЕБРРдин жеңилдетилген насыясы, 3 миллиону – ЕБРРдин негиздөөчүлөрүнүн атайын фондунун гранты, калган 8 миллиону – Борбордук Азия үчүн инвестициялык фонддун Евробиримдиктин гранттары.

Тендер ЕРӨБ Сатып алуу эрежелерине ылайык өткөрүлөт, эгерде тендердик документтерде башкача каралбаса, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген компаниялар үчүн ачык. Сатып алуу процедурасы ЕРӨБ электрондук сатып алуулар веб-сайты аркылуу ишке ашырылат: https://ecepp.ebrd.com

Алдыдагы тендерге катышууну каалаган компаниялар ЕРӨБ электрондук сатып алуулар порталында катталышы керек. Катталган адамдар тендердин башталышы жөнүндө, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча ЕРӨБ долбоорлору боюнча башка сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө автоматтык түрдө кабарланат.

Тендер жөнүндө билдирүү төмөнкү даректе жеткиликтүү: https://ecepp.ebrd.com/delta/noticeSearchResults.html