Биринчи май акимиатынын имаратында райондун башчысы Жамалбек Ырсалиевдин төрагалыгы астында 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи май райондору боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча штабдын жыйыны болуп өттү.

Штабга борбор калаанын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкулов, райондук кызматтардын жана борбордун мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жактан камсыздоо жана укук коргоо органдарынын УШКлардагы коопсуздукту камсыздоого даярдыгы талкууланды.

Биринчи суроо боюнча Биринчи май району боюнча 60 участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөнү, анын ичинен 48и билим берүү мекемелеринде (ЖОЖдор, колледждер, мектептер, лицейлер жана мектепке чейинки мекемелерде), 8и мамлекеттик жана муниципалдык имараттарда, 4ү жеке менчиктеги имараттарда. Шайлоочулардын саны 110 миңге жакын.

Экинчи маселе боюнча Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 49 шайлоо участогу боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, ар бир УШКга тиешелүү кызматкерлер бекитилген. Ошол эле учурда үгүт иштеринин жүрүшүндө коомдук тартипти бузуу фактылары аныкталса, маалымат текшерилет.

Жыйынтыгында штабдын мүчөлөрүнө муниципалдык кызматкерлердин жана муниципалдык ишканалардын, аймактык башкармалыктардын кызматкерлеринин шайлоо процессине кийлигишүүгө жол берилбестиги эскертилди. Үй комитеттерине жана кварталдык комитеттерге партиялык жана айрым кандидаттар менен иштешүүгө тыюу салынат жана алар мындай аракеттер учун жооп беришет.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата №27чи Биринчи Май шайлоо округу боюнча 27 талапкер катталган.

Урматтуу Биринчи май районунун тургундары! Сиздердин  ыңгайлуулугуңуз үчүн ишеним телефону түзүлдү: 0 (312) 62-11-61, ошондой эле саат 09:00дөн 18:00гө чейин 0999312666 WhatsApp номерине фото жана видеолорду жөнөтсөңүздөр болот.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ишеним телефону: 1255; 0(312)660240